Өкмөт Сауд Аравиядан алган кредитке 27 мектеп куруп жатат

Учурда долбоорго киргизилген 150 орундуу төрт мектептин курулушу бүтүп, пайдаланууга берилгени айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргызстанда жыл соңуна чейин 27 жаңы мектеп салынып, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Аталган мектептер 2017-жылы макулдашылган долбоордун алкагында, Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан берилген насыяга курулууда. 27 мектептин тендер боюнча жалпы сметалык наркы 25,7 миллион долларды түзөт.
Анын алкагында төмөнкү аймактарда билим берүү мекемеси пайда болот:
Учурда 150 орундуу төрт мектептин курулушу бүткөрүлгѳн. Алар Нарын облусунун Бугучу айылында, Оштун Маданият жана Чек-Абад, Жалал-Абад дубанынын Кызыл-Ата айылдарында жайгашкан.