Максатыбыз бийлик эмес. Талибдер Афганистанда эмнени көздөп жатканын айтышты

Расмий өкүл талибдердин максаты Афганистандын бийлигин алуу жана аймактарына үстөмдүк кылуу болсо, 2001-жылы эле басып алмактыгын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Талибдердин Афганистандын бардык аймагына үстөмдүк кылуу ниети жок, алар сүйлөшүү жолу менен "эркин ислам мамлекеттик системасын" түзүүнү каалайт. Бул тууралуу РИА Новости "Талибан" кыймылынын саясий офисинин расмий өкүлү Мухаммад Наимге шилтеме берүү менен жазды.
Ал талибдердин максаты Афганистандын бийлигин алуу жана аймактарына үстөмдүк кылуу эместигин, андай болсо 2001-жылы эле басып алмактыгын айткан.
"Биринчи максат — биздин өлкөнү жана улуттарды бошотуу... Экинчиси — адамдар өлкө кызыкчылыгы жана улуттук баалуулуктардын негизиндеги системанын алкагында жашасын. Үчүнчүсү — элди, улутту тынчтандырып, өзүн жана өзүнө таандык аймактарды коргой ала тургандай көз карандысыз, эркин ислам мамлекеттик системасын түзүү", — деп айткан Наим.
Талибдер Афганистанды башка өлкөлөргө кол салуу үчүн колдонбоого убада берди
Эске салсак, Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен талибдер согушуп жатат. Алар өлкөнүн көпчүлүк айыл аймактарын басып алып, ири шаарларга дагы чабуул коюуда. "Талибандын" согушкерлери АКШ өлкөдөн аскерлерин чыгарып кете баштаганда, тагыраагы, июнь айынын ортосунан тарта күч алган.
Айрым афган аскерлери Тажикстандын аймагына качып кирүүдө. Ал эми Тажикстан абалдын кооптуулугунан улам Жамааттык кызматташтык келишим уюмундагы союздаш өлкөлөрдөн жардам сураган