Балага үч жашка чейин эле китеп окуп берүү керек. Жомоктордогу каармандарды туурап, үндү өзгөртүп, анан да дайыма бир убакытта окуп берүү анын кийин китепкөй инсан болуп өсүшүн шарттайт. Бул тууралуу Айдана Абакова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, жомок китепти сатып алууда тандоону баланын өзүнө берген жакшы.
"Азыркы учурда ата-энелер балдарынын китеп окууга анчейин кызыкпай жатканын айтышат. Бирок ошол эле учурда алар смартфон, телевизордон мультфильм көрүп жатпайбы. Демек, биз бала төрөлгөндөн эле анын кызыгуусун китепке бурсак болот. Ал үчүн чүрпө кезинен эле жомок китептерди окуп берүү керек. Бул түшүнбөйт дебей, кыска тексттерден баштап, аны үндү кооздоп, жай, кызыктуу кылып окуп берүү зарыл. Анан да ар дайым бир убакытта кайталаган туура. Бала бара-бара ушуга көнөт. Наристе чоңоюп калганда китеп тандоону өзүнө бериңиз. Бүгүн кайсы жомокту уккуң келет деп сурап, ал тандаган окуяны оюнчуктардын жардамы менен элестүү жеткиргенге аракеттениңиз. Андан соң жомокту бала менен биргеликте талдап, ага суроо узатып, оюн угуңуз. Ата-эненин мына ушундай билинбеген, бирок өтө маанилүү аракеттери эрезеге жеткенде китеп окуганды жактырган адамдын калыптанышына шарт түзөт", — деди Абакова.
Психолог мындай балдардан көбүнесе ойлоп тапкыч, окумуштуу, дизайнер же башка багыттагы чыгармачыл инсандар чыгарын кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын аудиодон угуңуз: