Радио

Шатманов: Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча ири форум өтөт

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов Кыргызстанда 2021-жылдын август айында туризмди өнүктүрүү, көйгөйлөрдү аныктоо боюнча форум өтөрүн айтты.
Sputnik
Форум B2B (business to business) форматында туризм тармагындагы ишкерлер, серепчилер ортосунда тажрыйба алмашуу үчүн аянтча болот. Мындай маалыматты Самат Шатманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, эл аралык форумда инвестиция тартуу, келишимдерди түзүү жолдору каралат.
"Туризмди өнүктүрүү максатында Кыргызстанда түрдүү көргөзмөлөр уюштурулуп келген. Пандемияга байланыштуу бир катар иш-чаралар токтоп калды. Быйыл өлкө башчысы Садыр Жапаров туристтик сезонду ачып берди. Чет өлкөдөн келген жана жергиликтүү конокторго атайын көргөзмө уюштурулду. Маданий мурастарды жайылтуу аркылуу да көптөгөн долбоорлор каралууда. Мындан тышкары, Эгемендүүлүк күнүнүн алдында Кыргызстанда ири форум өткөрүүнү пландап жатабыз. Ага КМШ мамлекеттеринен гана эмес алыскы өлкөлөрдүн туристтик бизнесте ийгиликтүү болгон серепчилер, ишкерлер В2В форматында тажрыйба алмашуу максатында чогулушат. Форумда өлкө туризмин өнүктүрүү жана көйгөйлөрүн чечүү маселелери да каралат", — деди Шатманов.
Ошондой эле жетекчи санариптештирүүнүн алкагында долбоорлор каралып жаткандыгын кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз: