6 млрд. сом кайтарылды. Ташиев кимден канча акча өндүрүлгөнүн санап берди

УКМК төрагасы өткөн жылдын 10 айында болгону 100 миллион сом кайтарылганын айтып, быйыл алты айда алда канча көп өндүрүлгөнүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Мамлекеттик органдарда иштеген кызматкерлер бюджетке 26 миллиард сомдон ашуун зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын алты айында коррупция жана мыйзамсыз баюу беренелери боюнча 34 кылмыш иши козголган. Анын алкагында жогорку кызматтарда иштеген 32 адам кармалган. Алар мамлекетке 26 миллиард сомдон ашуун зыян келтиргени аныкталып, учурда 6 миллиард сомго чукулу кайтарылды.
"Биздин укук коргоо органдарынын тарыхында буга чейин мынчалык жыйынтык болгон эмес. Салыштыруу үчүн айтсак, өткөн жылдын 10 айында болгону 100 миллион сом кайтарылган, ал эми биз быйыл алты айда эле 6 миллиард сомдон ашык өндүрдүк. Буга байланыштуу өлкөдө коррупция боюнча кырдаал өзгөрдү", — деди Ташиев.
Ошондой эле ал кимден канча өндүрүлгөнүн санап берди: