Инфекционист: дүйнөдө коронавирусту үчүнчү жолу жуктуруп алгандар болууда

Адис үчүнчү ирет оору илештирип алгандар вирусту оор көтөрүшү мүмкүндүгүн дагы айткан. Ошондой эле индиялык штаммдын кесепетин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Дүйнөдө коронавирусту үчүнчү ирет жуктуруп алгандар болууда, дарт мурдагыдан да оор өтүп жатат. Бул тууралуу инфекционист, медициналык борбордун жетекчиси Евгений Тимаковго таянуу менен РИА Новости жазды.
"Мындайча айтканда, вирус иммундук тоскоолдуктардын бардыгын жеңип экинчи-үчүнчү жолу деле жуга берет. Көп учурда үчүнчүнүн башкаларга салыштырмалуу кесепети оор болот", — деген медик Россиядагы эпидемиологиялык кырдаалга арналган маалымат жыйында.
Тимаков өлкөдөгү үчүнчү толкун менен байланышкан индиялык штаммдын (дельтанын) өзгөчөлүгүн белгилей кетти. Анын айтымында, инфекция жуктурган бир жуманын ичинде адамдын абалы оорлошуп, ооруканага жаткырууга туура келет.
ДССУ башчысы: жаңы штаммдар вакцинадан озуп кетип жатат
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму SARS-CoV-2нин төрт түрүн "тынчсыздандыруучу" тизмеге киргизген: альфа (Британия), бета (Түштүк Африка), гамма (Бразилия) жана дельта (Индия).
Эксперттердин айтымында, акыркысы Ухандан чыккан вирустан да эки эсе коркунучтуу, ошого карабай дагы мутацияланып жатат. Жакында эле анын дельта-плюс түрү пайда болгон.
Москванын мэри Сергей Собянин шаардыктардын 90 пайызында индиялык штамм аныкталганын билдирген. Ал эми Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институтунун директору Александр Гинцбург "Спутник V" вакцинасы коронавиурстун бардык түрүнөн коргой аларына ишендирген.