БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Гаитинин Доминикан Республикасындагы элчилиги кол салуудан улам каза тапкан өлкө президенти Жовенель Моиздин жубайы Мартин Моиз да көз жумду деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу жергиликтүү Dia басылмасына таянуу менен РИА Новости жазды.
Буга чейин резиденцияга кол салуу болуп, натыйжада мамлекет жетекчиси жубайы менен алган жараатынан улам каза болгону айтылган.
Гаити элчилигинин маалыматы боюнча, ушу тапта Моиз айымдын абалы оор, бирок туруктуу. Аны АКШнын Майами шаарына алып кетүүгө аракеттер көрүлүп, учак даярдалган. Gazette Haiti порталынын жазганына караганда, биринчи айымга үч жерине ок тийген.
Ал эми жубайлардын балдары "коопсуз жерде" экени белгиленди.