Боорду талкалай турган азык, суусундуктар тизмектелди

Дарыгерлер биринчи кезекте курамында канты бар азыктардан оолак болууну эскертишкен. Маселен, газдалган суусундуктар. Анда химиялык заттар, ароматизатор жана боордун иштөөсүнө тоскоол болгон кошулмалар бар.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Айрым азык-түлүк, суусундуктар организмдеги маанилүү органдардын бири болгон боорго коркунуч алып келет. "Доктор Питер" порталы илимий иликтөөлөргө таянып боорду талкалай турчу азык, суусундуктарды тизмектегенин РИА Новости жазды.
Анда айтылгандай, дарыгерлер биринчи кезекте курамында канты бар азыктардан оолак болууну эскертишкен. Маселен, газдалган суусундуктар. Анда химиялык заттар, ароматизатор жана боордун иштөөсүнө тоскоол болгон кошулмалар бар.
"Жемишти да этияттап колдонбосо, курамында фруктоза көп. Туз да боорду талкалай турчу азыктардын катарында. Спирт ичимдиги, айрыкча, күчтүүлөрү боордун иштөөсүн бузат", — деп айтылат маалыматта.
Боорго зыян делген азыктардын катарында крекер бар. Анын курамы рафинаддалган углевод, кант, ак ундан гана турат. Адистер колбасаны майлуу эмес этке (тоок, индюк эти) алмаштырууну сунуштап, куурулган тамак да боорго "бычак" экенин эскертишкен.