Бишкектен Балыкчыга поезд күн сайын каттамай болду. Убактысы

Билеттерди Темир жол бекетинин кассасынан же поезддин өзүнөн сатып алса болот. Чоңдор 69 сом, кичинекейлер 34 сом төлөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бишкек — Балыкчы — Бишкек багыты боюнча №608/609 жүргүнчү поезди күн сайын каттайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.
Бишкектиктер Балыкчыга поезд менен күндө 19-июлдан тарта 31-июлга чейин бара алат. Дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин беш вагон, жумадан жекшембиге чейин тогуз вагон жүрөт.
Радио
Матмуратов: Европа өлкөлөрүнө авиакаттамдар ачылышы мүмкүн
Поезд Бишкектеги станциядан эртең менен 07:00дө чыгып, Балыкчыдагы станцияга 11:59да жетет. Кайра ошол эле күнү саат 17:15те поезд борбор калаага чыгып, саат 22:03тө келип калат.
Жол акысы чоңдор үчүн 69 сом, 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга 34 сом, ал эми беш жашка чейинкилерге бекер (эгерде бир кишинин бир баласы болсо).
Билеттерди Темир жол бекетинин кассасынан же поезддин өзүнөн сатып алса болот. Коронавируска каршы чектөөлөргө байланыштуу жүргүнчүлөр вагондун ичинен маска тагынышы керек.