БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Америкадагы Колорадо штатынын тургуну, төрт баланын энеси Хейди Рассел коронавируска каршы вакцина алгандар арасында ойнотулган лотереяда 1 миллион доллар утуп алды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.
Май айында штаттын губернатору Жаред Полис эмделгендердин арасында лотерея ойнотуларын жар салып, беш киши 1 миллион доллардан утарын айткан. Каражат штаттын вакцинация үчүн бөлүнгөн акчасынан алынган.
"Утушум төрт баламды чоңойтконго жардам берет. Ошондой эле бул акчанын эсебинен башкаларга дагы колдоо көрсөтө алам деп ишенем", — деди Хейди Рассел.
Анын үй-бүлө мүчөлөрү дагы акчаны пайдалуу нерсеге гана сарпташыбыз керек деп эсептейт. Кыздарынын бири келечекте колледждеги билим алуу акысын төлөөгө үмүттөнүп жатат.
Эске салсак, ар кайсы мамлекеттерде элди вакцинага кызыктыруу үчүн ар кандай лотереялар ойнотулуп, кызыктыруучу белектер берилүүдө.