Россиянын Куралдуу күчтөрү жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун түзүмдөрү чөлкөмдөгү абалдын курчуп баратканынан улам бир катар машыгууларды өткөрүп, чек арада чалгындоо иштерин жүргүзүү менен чараларды көрүүдө.
Sputnik агенттигине ЖККУнун маалымат кызматынан билдиришкендей, уюмдун ыкчам тобу Тажикстандын түштүк райондоруна талаа жүрүштөрүнө чыгып, тажикстандык аскер жетекчилери менен жолугушууларды өткөрөт. Аскердик баяндамачы Александр Хроленко учурдагы кырдаал жана союздаштардын кыйын күндө кол сунуу аракетине баам салган.
Кечээ Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Афганистандагы кырдаалга тыкыр көз салып турганын билдирип, ЖККУ алкагындагы милдеттенмелер толугу менен күчүндө экенин тастыктады. Дипломаттын айтымында, РФ "Союздаштарга карата кандайдыр агрессивдүү аракеттерге жол бербөө үчүн россиялык аскердик базанын мүмкүнчүлүктөрүн Тажикстандын Афганистан менен чек арасында" пайдаланууга даяр.
Андан мурунку күнү ЖККУнун Биргелешкен штабынын башчысы генерал-полковник Анатолий Сидоровдун жетекчилиги менен уюмдун ыкчам тобу тажик-афган чек арасындагы абалга байкоо салуу үчүн Тажикстанга келген. ЖККУ форматындагы бирдиктүү чаралар боюнча сунуштар даярдалат.
Ыкчам топ өлкөнүн түштүгүнө талаа жүрүштөрүн жасап, Тажикстандын Коргоо министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Чек ара күчтөрү менен кезикмекчи. Ошондой эле республиканын тийиштүү мекемелеринин жетекчилиги менен жолугуу жакынкы күндөргө пландалганын уюмдун маалымат кызматы Sputnik агенттигине билдирди. ЖККУнун түштүк чек аралары чындап террордук коркунучта.
Талибдер 6-июлда түркмөн чек арасына байланышып, чектешкен өлкөлөрдүн коопсуздугуна кепилдик беришкен. Бирок эртеси эле күнү түндүктөгү Бадгис провинциясында (Түркмөнстан менен чектеш) түрмөгө кирип барып, афган жана коңшу элге коркунуч келтире турган кооптуу кылмышкерлерди бошоткон. Бүгүнкү күндө Бадгис провинциясынын түндүк-батышындагы райондордун баары согушкерлердин көзөмөлүндө.
Анын алдында эле талибдердин өкүлү Забиулла Мужахед Кабулдагы өкмөт Афганистандын түндүктөгү райондорунун көзөмөлүн кайтара албай турганын, кыймыл көзөмөлдөгөн аймактар кеңейе берерин да кыйыткан.
"Талибандын"* Кабул менен тынчтык тууралуу сүйлөшүүлөрүн тымызын үзгүлтүккө учуратып, өкмөттүк күчтөр менен согуштук аракеттер күчөп турган убакта террорчулардын тынчтык жана коопсуздук тууралуу билдирүүлөрүнүн баары пропагандалык гана амал сымал.
Реалдуу максат жана каражаттар
"Афганистан.Ру" басылмасынын булактары Кабулдагылар үчүнчү өлкөлөргө залал келтирбөө жөнүндөгү талибдердин убадаларына ишенүү кыраакылыкка жатпайт деп эсептешет. Алар: "Саясатты кантип тыюу салынган топтун убадаларына таянып жүргүзүүгө болсун" дешет. "Талибан" өзү "тектүү" "Ислам мамлекети" ("ИМ") жана "Аль-Каида" менен байланышын үзбөгөнүн да эске алуу абзел. Булар Борбор Азия өлкөлөрүнө коркунуч туудурган үчтүк союз экени айкын.
Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстанга чектеш түндүк провинциялардагы согушкерлердин активдүүлүгү коңшуларга олуттуу коркунуч туудурат. Эгер талибдердин өздөрү болбосо да, алардын Ислам мамлекети жана "Аль-Каидадагы" союздаштары "Талибандын" көзөмөлүндөгү аймактарды түндүккө да жайылтууну каалары шексиз. Тажикстан менен чектешкен Бадахшанда "ИМдин" өкүлдөрү көп экени белгилүү. Аскердик техника жете албаган бул район Тажикстандагы афган согушкерлеринин орун алышы үчүн ыңгайлуу.
The Wall Street Journal басылмасы кабарлагандай, Тажикстанга карай "негизги дарбазаларды" басып алган соң талибдер аталган республиканын бийлиги, ошондой эле чек аранын ишин калыптандыруу максатында Өзбекстандын өкүлдөрү менен байланышка чыгышкан. Андан мурда эле америкалык FDD's Long War Journal аскердик порталы түркмөн, өзбек жана тажик чек араларына жакын провинциялардагы уездеринин дээрлик баары талибдердин көзөмөлүндө экенин жазган. Ошентип, "Талибан" чектешкен аймактарда Душанбе, Ташкент жана Ашхабадга тигил же бул саясий жана экономикалык шарттарды коёт (коңшу өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө жумшак "террор" көрсөтөт) өңдөнүп калды. Афганистандагы мындай "кош бийлик" жагдайы Россия жана анын Борбор Азиядагы союздаштарына жакшылык алып келбейт.
Ал ортодо АКШ күчтөрүнүн Афганистандан чыгарылышы дээрлик аяктап калды. Пентагондун авиациясы 980 каттам менен 17 миңдин тегерегиндеги бирдик жана техникасын чыгарып кетти. Чет элдик аскердик интервенциясынын мындай жыйынтыгы согушкерлерге жаңы дем берет.
Афган президенти Ашраф Гани талибдер "жүз жылдан кийин да" өз максаттарына жетпей турганын белгилейт. Афган ислам республикасынын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хамдулла Мохиб талибдердин кысымынан соң Тажикстан аймагына чегинген 2300 аскери Афганистанга кайтарылганын кабарлады. Келерки жумада Кабул Кошмо Штаттардан 7 бирдик Black Hawk тик учакка ээ болот. Ал эми талибдер өкмөттүк күчтөрдөн курал жана техниканы тартып алып, ал түгүл "ашканын" Пакистанга жөнөтүүдө. Жакында аларда жаңы винттик-канаттуу машиналар да пайда болуп калышы ажеп эмес.
Согушка толук даярдык
Террордук топтордун жайылышына каршы туруу үчүн бул кооптуу, туруксуз кырдаалда Борбор Азия өлкөлөрү менен Россия өзүнүн күч жана каражаттарына гана таянат. Өзбек армиясы толук даярдыктан өттү. Запастагы тажик аскерлеринен 20 миң киши республиканын түштүк чегин кайтаруу үчүн кошумча уюштурулду.
Афганистан менен чек арадагы тартипти сактоо үчүн Россия Тажикстандагы өзүнүн 201-аскердик базасын да зарыл учурда ишке тартууга даяр. Түштүк багытка карай ар кыл машыгууларды да өткөрүүдө.
6-июлдагы Тажикстандагы учуу-тактикалык машыгуусунда 201-россиялык аскердик базасынын курамындагы Ми-24 жана Ми-8МТВ5 тик учактары шарттуу душмандын топторуна ракеталык сокку уруп, автомобиль колоннасын, ок атылган түйүндөр, курал, ок-дары сакталган жашыруун жайларды элестеткен 15тен ашуун бутасын таамай жок кылды. Андан мурунку күнү россиялык минометчиктер Ляур полигонундагы 3 миңге чейинки аралыктан 120 миллиметрлик миномёттон залптык ок атышкан. Тажикстанда өткөн аптада 201-россиялык аскердик базанын 3000 жоокеринин катышуусундагы тактикалык беш машыгуу болду.
Тоолуу Самбули полигонунда артиллеристтер "Фара", "Соболятник", "Стрелец" өңдүү жогорку технологиялык чалгындоо каражаттарын пайдалануу менен өзү жүрүүчү 122 мм 2С1 "Гвоздика" артиллериялык орнотмосунан жана 120 мм "Сани" миномётторунан ок атышты.
С-300 ПС зениттик ракеталык тутумдар дивизионунун эпизоддорунун биринде шарттуу душмандын ыкчам буталарын колго түшүрүү жана ракеталарды электрондук жол менен коё берүүгө машыкты. Эгер террорчуларда жогоруда аталган Black Hawk тик учактары пайда болуп калса мындай тажрыйбанын пайдасы тиет.
Быйылкыга Борбор Азия чөлкөмүндө, атап айтканда, Россия, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын аймагында эл аралык тогуз машыгуу пландалган. Россиялык Борбордук аскердик округдун мотоаткычтар, артиллериялык, инженердик бөлүктөрдүн мыкты даярдыктагы офицерлери, ошондой эле радиолокациялык, химиялык жана биологиялык коргоо адистери Өзбекстандагы кесиптештери менен сириялык тажрыйбасынан бөлүшүүдө.
Программага: заманбапташтырылган БТР-82 сооттолгон транспортёрлордун куралдарын пайдалануу менен ок атууга даярдык, чалгындоочу техникалык каражаттарды колдонуу менен артиллерия огун башкаруу, гранатомёттордон көзөмөлдөөчү ок атуу көнүгүүлөрү, мотоаткычтар бөлүгүнүн курамындагы күндүзгү жана түнкү тактикалык машыгуулары камтылган. Булардан сырткары, Саратов облусунда Алыскы авиациянын 6-июлдагы учуу-тактикалык машыгуусунун алкагында Россиянын төрт аймагында жайгашкан Ту-160, Ту-95МС ракета ташуучуларынын канаттуу ракеталары шарттуу коё берилди. Ыраактан бомбалоочу-ракета ташуучулардын машыгуулары 9-июлга чейин узартылат. Алар Борбор Азияга "байланган" эмес, анткен менен таамай тийчү канаттуу ракеталар миңдеген чакырым аралыктан бутасын кыйратууга жөндөмдүү. Россиянын Алыскы авиациясы Сирия аймагында "ИМ" согушкерлерин кандай "талкалаганы" баарыбыздын эсибизде. Россия машыгуулардан "олуттуу сценарийлерге" ыкчам өтө алары анык.