Эмдөөдөн кийин антитело калыптанбаса эмне болот. Адистин пикири

Терапевттин айтымында, мынча антитело болсо организмди вирустан ишенимдүү коргой алат деп дүйнөдө эч ким бир көрсөткүчтү белгилеген эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. COVID-19га каршы вакцина алгандан кийин организмде антитело калыптанбаса эмне болорун "Прайм" агенттигине Европа медициналык борборунун дарыгери, терапевт Александр Доленко айтып берди.
Адистин пикиринде, массалык эмдөө жүргүзүлүп жаткандыктан көпчүлүктү препараттан кийин пайда болгон антителонун деңгээли кызыктырып жаткан кез.
"Негизи антитело көп же жетишсиз деген түшүнүк жок. Мынча антитело болсо организмди вирустан ишенимдүү коргой алат деп дүйнөдө эч ким бир көрсөткүчтү белгилеген эмес", — деди терапевт.
Ууланасың! Адис вакцина алган адам ичимдик ичип алса эмне болорун айтты
Анын айтымында, иммунитеттин өзгөчөлүгүнө жараша айрым кишилерде вакцинадан кийин антитело калыптанбай калышы мүмкүн.
"Мындай учурлар өтө сейрек, улгайган адамдарда чанда кездешип жатат. Бирок антитело жок болсо вакцина организмди таптакыр коргобойт деген туура эмес", — деди дарыгер.
Сөзүнүн аягында адис антителонун бар же жок экенин билүү үчүн вакцинанын экинчи компонентин алган соң 21 күн өткөндөн кийин анализ тапшыруу туура болорун айтты.