Аскер прокуратурасынын өтүнүчү менен Тимур Файзиевдин баш коргоо чарасы өзгөрдү

Маалыматка караганда, Файзиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча КР аскер прокурорунун жардамчысы өтүнүч келтирип, сот аны 6-июль күнү жактырган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Elite House курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, эми ал өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча КР аскер прокурорунун жардамчысы өтүнүч келтирип, сот аны 6-июль күнү жактырган.
"Шектүү Тимур Файзиевге карата камакка алуу чарасы каралган болчу. Эми ал сотко чейинки жана сот өндүрүштөрү аяктагыча өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошол эле учурда Башкы прокуратурадан, буга чейин айрым ЖМКлар жазып чыккандай, Файзиевге карата кылмыш иши токтотулбаганын билдиришти.
УКМК жетекчилигинин "жакындары" Бишкек тургунун 65 миң долларга алдап кетти
"Кылмыш иши токтогон жок, аны УКМК иликтеп жатат", — дешти көзөмөл органынан.
28-май күнү Аскер прокуратурасы Elite House курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевге издөө жарыялаган. Ал Бишкектин аймагынан жер алууда коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелүүдө. Мындан тышкары, курулуш иштерин мыйзамсыз жүргүзгөн деп дагы айыпталып жатат.
Биринчи май райондук соту Файзиевдин сыртынан бөгөт чарасын карап, аны №1 тергөө абагына киргизүү чечимин чыгарган.