БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата "Дорога памяти" деп аталган интернет-долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Долбоорду Россиянын Коргоо министрлиги иштеп чыккан. Портал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери тууралуу маалыматтардын электрондук базасы болуп эсептелет.
"Коргоо министри Россияда "Патриот" паркында "Дорога памяти" аттуу галереясын ачат. Анда заманбап технологиянын жардамы менен согуш ардагерлеринин сүрөтү жана аты-жөнү көрсөтүлүп турмакчы", — деп айтылат маалыматта.
Каалоочулар сайтына кирип, согушка катышкан жакын адамдарынын сүрөтүн киргизип, аты-жөнүн жаза алат. Ал жакта сүрөттү кантип жүктөп, киргизүү тууралуу маалыматтар бар экенин кошумчаланды.