Кийимге айланып, подиумга чыккан шоколад. Таң калтырган 15 сүрөт

Sputnik

Жыгылып, бырышып, үркүтүп күлкүгө салган спортчулар. Таймаштардагы 18 сүрөт
Мындан 20 жыл мурда шоколад өндүрүшүнүн жарманкесин уюштура баштаган Сильви Дус бул таттуу азыкты мода дүйнөсүнө чейин аралаштырган. Азыр дизайнерлер жибек, шифон, нооту кездемелеринен тышкары шоколадды дагы кийим-кечекке пайдаланышат.

Азыр шоколаддан жасалган адеми кийимдерди адистер кондитер дүйнөсүнө кошорун же тикмечилердин эмгеги деп айтарын билбей калышкан. Шоколаддан кийим жараткан чеберлердин арасында Пако Рабан, Соня Рикель, Черутти, Игорь Чапурин, Юлия Далакян, Маша Цигаль бар.

1 / 15
Брюсселде өткөн 6-шоколад жарманкесинде подиумга чыккан модель
2 / 15
Шанхайда 2011-жылы өткөн мода жумалыгындагы жарым-жартылай шоколаддан "тигилген" кийим
3 / 15
Сеул шаарындагы эл аралык шоколад жарманкеси. 2014-жыл
4 / 15
Москвадагы экспо-жарманкесинде шоколаддан көйнөк кийген кыз. 2016-жыл
5 / 15
Ливандык кутюрьенин эмгеги. Бейрут, 2018-жыл
6 / 15
Шоколаддан аксессуарларды дагы жасашат. Брюсселде 2020-жылы тартылган сүрөт
7 / 15
New York Chocolate Show мода көргөзмөсү. 2010-жыл
8 / 15
Испаниялык модель жана ырчы Ирен Сальвадорго шоколад көйнөктү кийгизип жаткан учур. Париж, 2006-жыл
9 / 15
Шоколаддан ич кийим дагы жасашкан. Пекин, 2005-жыл
10 / 15
Шоколад өндүрүүчү Анри Леру кийимге "шуру" тагып жатат. Париж, 2001-жыл
11 / 15
Бордо шаарындагы (Франция) мода жумалыгына катышкан модель
12 / 15
Шоколаддан "тигилген" көйнөк
13 / 15
Париждеги 19-шоколад көргөзмөсүндөгү бут кийим
14 / 15
Дизайнер Эмми Вандын эмгеги. Милан шаары
15 / 15
Франциялык актриса Клэр Перо шоколаддан жасалган шуруну кармап турат