Салык төлөбөгөн ишкерлерге жеңилдик берүү мөөнөтүн узартуу сунушталды

Мыйзам долбоорунда салыктык карыздардын негизги суммасын 2022-жылдын 1-июлуна чейин төлөсө айып пул жана туумдардан бошотуу каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Салыктык жана социалдык фонддун төгүмдөрү боюнча карызы бар ишкерлерге жеңилдик берүү мөөнөтүн дагы бир жылга узартуу сунушталды.
Аталган демилге бүгүн Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралды.
Баткен жаңжалында жабыркаган ишкерлерди салыктан бошотуу пландалууда
Белгилей кетсек, буга чейин пандемияга байланыштуу эгер ишкерлер салыктык жана социалдык фонддун төгүмдөрүнүн негизги суммасын 2021-жылдын 1-июлуна чейин төлөсө туум жана айып пулдан толугу менен бошотуу мыйзамы кабыл алынган. Ал эми декабрга чейин төлөсө 50 пайыздык жеңилдик берилет.
2020-жылдын 1-июлуна чейинки социалдык фондго болгон бардык карызына, ал эми салык боюнча алты жылдык карызына жогорудагыдай жеңилдик берүү каралган.
Экономика жана финансы министринин орун басары Бекболот Алиев пандемия шартынан улам жеңилдик берүү мөөнөтүн дагы бир жылга узартуу сунушталганын билдирди.