Орхан Инандынын тарапташтары Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты. Сүрөт, видео

Колдоруна "Президент мырза, жараныңызды коргоңуз", "Агайыбызды кайтаргыла" деген плакаттарды көтөргөн 50дөй жаран чогулган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. "Сапат" лицейлер тармагынын президенти Орхан Инандынын тарапташтары Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты.
Колдоруна "Президент мырза, жараныңызды коргоңуз," "Агайыбызды кайтаргыла" деген плакаттарды көтөргөн 50дөй жаран чогулуп, Инандыны Кыргызстанга кайтаруу талабын коюуда. Арасында мугалимдин жубайы дагы бар.
1 / 2
"Сапат" лицейлер тармагынын президенти Орхан Инандынын тарапташтары Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты.
2 / 2
Колдоруна "Президент мырза, жараныңызды коргоңуз," "Агайыбызды кайтаргыла" деген плакаттарды көтөргөн 50дөй жаран чогулуп, Инандыны Кыргызстанга кайтаруу талабын коюуда.
Белгилей кетсек, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган "Сапат" лицейлер тармагынын президенти Орхан Инандыны кармоо боюнча атайын операция ийгиликтүү өтүп, өлкөгө алып келингенин билдирген. Мындан улам кечээ ТИМ Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганга нота тапшырды. Аны Кыргызстандын укук коргоо органдары бир айдан бери издеп жаткан эле.