Финансы пирамидасынын принциби менен иштеген уюмдар кайсы аймакта экени айтылды

Финансы пирамидасынын принциби менен иштеген уюмдар кыргызстандыктарга жарым жыл ичинде 34,7 миллион сомдук чыгым алып келген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жарым жыл ичинде Кыргызстанда финансылык пирамида түзүү боюнча 906 факты катталды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Кайсы облуста канча учур катталды:
Жарандар тарткан материалдык чыгымдын суммасы 34 миллион 731 миң сомго жетти.
ИИМден билдиришкендей, финансылык пирамида системасы менен иштеген бир нече уюмга карата иликтөө иштери жүрүп жатат.
Буга чейин милиция финансылык пирамиданы аныктоо жолдорун айтып берген.