БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондун Баткен облусуна ачууну сунуштады.
Бүгүн парламентте аталган фондду түзүү боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Экономика жана финасы министринин орун басары Султан Ахматовдун айтымында, фонддун алгачкы капиталы 16 миллион, жалпы суммасы 50 миллион евро.
"Баткенди өнүктүрүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда Кыргыз-венгер фондун Баткенге ачууну сунуштадым эле. Ушуну ойлонуп көрдүңүздөрбү? Анткени чек аралаш жашагандар, ишкерликти өнүктүрөм дегендер үчүн ушул 16 миллион еврону берсе жакшы болмок. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду бар, кыргыз-өзбек жана түрк фонддору ачылганы турат. Бирөөсүн Баткенге жайгаштырсак чек арадагы элге артыкчылык берген болот элек", — деди Акаев.
Министрдин орун басары бул демилгени эске алып, фонддун кеңешине сунуштай турганын билдирди.
Ошондой эле ал алгачкы капиталдагы 16 миллион евро 30-сентябрга чейин Улуттук банктын эсебине түшөрүн, андан кийин ишин баштай турганын белгиледи.