Гаитинин президентин атып кетишти, жаракат алган аялы да каза болду. Видео

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Клод Жозефтин ЖМКларга берген маалыматына караганда, президентке ок тийип, канайым да жаракат алган. Көп өтпөй анын да көз жумганын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Гаитиде президенттин резиденциясына кол салуу болуп, мамлекет башчы Жовенель Моиз көз жумду. Бул тууралуу Gazette Haiti порталына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Клод Жозеф президентке ок тийип, канайым дагы жаракат алганын, кийинчерээк ал дагы көз жумганын билдирген. Маалыматка караганда, резиденцияга бир нече белгисиз адам кол салган. Алардын айрымдары испан тилинде сүйлөшкөн.
Казань шаарындагы мектепте өспүрүм ок чыгарып, 8 киши каза болду. Видео
Бул мамлекет башчынын өмүрүнө коркунуч жаралган алгачкы учур эмес. Ушул жылдын февраль айында полиция мамлекеттик төңкөрүш кылууга аракет кылгандарды токтотуп калган.
53 жаштагы Моиз дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн сап башында турган Гаитиге 2015-жылы президент болуп шайланган. Бирок атаандаштары шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, териштирүүлөр болуп отуруп, 2016-жылдын аягында кайрадан добуш берүү болгон. Анда дагы утуп алган Моиз расмий түрдө 2017-жылдын февраль айынан тарта иштей баштаган.