Чубак ажынын элесине арналган илимий конференция өтөт

Иш-чараны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети уюштурууда.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. 16-июлда Жалал-Абадда дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун элесине арналган "Өчпөс өмүр" аттуу илимий конференция өтөт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, иш-чараны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университитети уюштурууда.
"Илимий конференцияда Чубак ажы Жалиловдун өмүр таржымалы, агартуу жаатына кошкон салымы жана эмгектери тууралуу баяндамалар жасалып, кыргыз аалымдарынын басып өткөн жолу боюнча маалыматтар айтылат", — деп жазылат билдирмеде.
Эртеси, 17-июль күнү, Сузак районунун Барпы айылында "Аалым Чубак ажы Жалилов" атындагы мечиттин ачылыш салтанаты боло турганы кошумчаланды.