Бейшембиге карата аба ырайы

8-июлда өлкө аймагында ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бейшембиде өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +36…+41, Талас өрөөнүндө +34...+39, Ысык-Көл аймагында +29…+34, Нарын чөлкөмүндө +27…+32 градус ысыйт.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +39…+41, Чолпон-Атада +29…+31 градус болот.