Азамат! Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Олимпиадага лицензия алды

Жеңил атлетчи Олимпиадада 5 миң метр дистанцияда күч сынашат. Ушуну менен Токио Олимпиадасына катышууга жолдомо алгандардын саны 18 болду.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Токиодо өтө турчу XXXII жайкы Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Ага ылайык, жеңил атлетчи Олимпиадада 5 миң метр дистанцияда күч сынашмакчы.
Кыргызстандык дагы бир балбан Токио Олимпиадасына жолдомо алды
Эске салсак, ушуну менен Токио Олимпиадасына катышууга жолдомо алгандардын саны 18 болду. Тагыраагы, күрөш боюнча тогуз, жеңил атлетика боюнча төрт, ошондой оор атлетика, дзюдо, фехтование, ок атуу, сууда сүзүү боюнча бирден лицензия бар.
Мелдеш 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтөрү пландалган. Япониянын борборунда жай айында өтүүчү оюндар чет элдик көрөрмансыз өтөт. Ага 200дөн ашуун мамлекеттин спортчулары катышары күтүлүп жатат.