Футзалчы Айдарбек Абдыжалил уулу Россиянын ЛКС командасына өттү

Россиялык команда кыргызстандык таланттуу оюнчуну курамына кошконун жар салды. Спортчу менен клубдун ортосундагы келишим канча убакытка түзүлгөнү азырынча айтыла элек.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Футзал боюнча Кыргызстандын улуттук командасынын оюнчусу Айдарбек Абдыжалил уулу Россиянын Жогорку лигасында ойногон ЛКС (ЛипецкКомплексСтрой) футзалдык клубуна өттү. Бул тууралуу өлкөнүн Футзал ассоциациясы билдирди. 
Спортчу менен клуб канча убакытка келишим түзгөнү азырынча айтыла элек. Ал арада россиялык клуб трансфер боюнча өзүнүн Instagram баракчасына жарыялап, кыргызстандык талантты катарына алганын жазган. 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Публикация от ЛКС, мини-футбольный клуб (@lksclub_lipetsk)
"ЛКС клубуна кыргызстандык талант өттү. Айдардын ЛКС курамында өзүнүн мыктылыгын көрсөтүүсүн, жаракат албай, көптөгөн голдорду киргизип, таза жеңиштерге жетүүсүн каалайбыз", — деп айтылат россиялык команданын социалдык баракчасында.
20 жаштагы спортчу буга чейин Кыргызстандын Суперлигасындагы "Жакшылык" (2018-2019), "Илбирс" (2019), "Мурас" (2020) командаларында ойногон. Өткөн сезондо Айдар Steelex командасынын катарында ойноп, Кыргызстандын чемпионатында экинчи орунду ээлеген. Ал эми клуб менен өлкөнүн Футзал ассоциациясынын Кубогу мелдешин жеңген.
2020-жылы улуттук курама командага алынган.