Икрамов ЕККУ отурумуна катышып, Азербайжан, Норвегия депутаттары менен жолукту

Икрамов сапардын алкагында Азербайжандын жана Норвегиянын депутаттары менен жолугуп, кызматташтыкты өркүндөтүүнү талкуулашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Парламенттер аралык ассамблеясынын Вена (Австрия) шаарындагы жайкы отурумуна катышууда. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Бул отурумдун алкагында Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы катары ЕККУнун Парламенттер аралык ассамблеясынын вице-президенти, ЕККУнун Парламенттер аралык ассамблеясындагы Азербайжан делегациясынын башчысы, Милли Межилистин депутаты Азай Гулиев менен жолуккан.
"Тараптар эки тараптуу парламенттер аралык кызматташтыктын, ошондой эле ЕККУнун Парламенттер аралык ассамблеясы менен Түрк ПАнын алкагындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.
Аны менен катар Икрамов Норвегия парламентинин депутаты – Ассамблеянын төрагасы кызматына талапкер Кари Хериксен менен да жолуккан. Анда коронавирус илдетине каршы күрөшүүдөгү кызматташтык, бири-бирине көмөктөшүү маселелерин көтөргөн.