Путин менен Мирзиёев Афганистанда курчуп жаткан кырдаалды талкуулашты

Тараптардын күн тартибиндеги маселелерин талкуулоодо орус-өзбек стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилесине жогорку баа берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу Афганистандагы курчуп жаткан кырдаалды талкуулашты. Бул тууралуу РИА Новости Кремлдин маалымат кызматына таянып кабарлады.
"Өлкө башчылары аймактык көйгөй боюнча пикир алмашып, биринчи кезекте Афганистандагы кырдаалды талкуулашты", — деп айтылат билдирмеде.
Маалым болгондой, тараптардын күн тартибиндеги маселелерин талкуулоодо орус-өзбек стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилесине жогорку баа берилген.