БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Япония өкмөтү Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине бийик даражалуу өкүлдөрдү, чет мамлекеттен келген конокторду, ошондой эле мелдештин демөөрчүлөрүн жана дипломаттарды гана киргизүү маселесин талкуулап жатат. Бул тууралуу Asahi Shimbun Digital басылмасына таянып "Известия" жазды.
VIP-коноктордун саны мурда айтылган 10 миңден кыйла аз болору айтылууда.
Мындан сырткары, коронавирустун жайылуусун болтурбоо үчүн иш-чара 21:00дөн кийин көрүүчүлөрсүз өтөт. Калган убактарда оюн жайларына күйөрмандар жарым-жартылай киргизилет.
Олимпиаданы өткөрүү боюнча уюштуруу маселелери 8-июлдагы сүйлөшүүдө талкууланат. Ага Токионун губернатору жана Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах катышат.
Япониянын премьер-министри Есихидэ Суга оюндар таптакыр көрүүчүсүз өтүшү мүмкүн экенин билдирген. Басылманын белгилешинче, премьер стадиондордо аз сандагы көрүүчүлөр болушун каалаган, бирок башкаруучу партиянын мүчөлөрү көрүүчүлөрдүн кирүүсүнө толук тыюу салуу керек деп чыгышууда.
21-июнда Олимпиада оюндарынын уюштуруучулары жергиликтүү 10 миң көрүүчүгө жана спорттук оюн жайларынын 50 пайызы толгудай лимит бекиткен. Деген менен эпидемиологиялык абалга байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал режиминен улам көрүүчүлөр стадионго киргизилбей калышы мүмкүн.
Олимпиада жана Паралимпиада оюндары өткөн жылы Токиодо өтмөк. COVID-19 пандемиясынан улам мелдеш 2021-жылга калтырылган. Эми мелдеш 23-июлдан 8-августка чейин чет элдик көрүүчүлөрсүз өтөт. Мелдештин аталышы Токио-2020 бойдон сакталууда.