Азыр биз колдонуп жаткан билим берүү стандарты 2014-жылы кабыл алынган. Андан бери жети жылдан ашуун убакыт өттү. Ушул мезгил аралыгында билим берүү тутумуна болгон талаптар өзгөрдү. Бул тууралуу Чынара Аттокурова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, билим берүү мамлекеттик стандарты билим парадигмасынан компетенттүүлүккө өткөн.
"Билим берүү стандарты окууга коюлуучу негизги талаптар болуп эсептелет. Азыр маалымат секунда сайын өзгөрүп, коом өнүгүүдө. Ага ылайык, билим берүүнүн мамлекеттик стандарты жаңыланып турушу керек. Негизги милдет балдарды коомдун социалдык, экономикалык жана маданий турмушуна кирүүгө даярдоо, турмуштук практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу. КР президентинин "Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгына ылайык, билим берүү стандарттарын кайра карап чыгуу, инсандын өзүн-өзү тарбиялоо жана өнүктүрүү көндүмдөрүн калыптандыруу, билим берүү тутумуна билим берүү процессин жогорку деңгээлде жүргүзө алган мугалимдерди тартуу пландалууда. Жаңы стандартта негизги түшүнүктөр жана терминдер кайра каралып чыгып, жаңылары киргизилди. Андан тышкары, билим берүү багыттарынын мазмуну кайра каралды. География сабагы социалдык-билим берүү чөйрөсүнөн табигый-илимий багытына которулса, информатика предмети "Технология" билим берүү чөйрөсүнөн математикалык сабакка өттү", — деди Аттокурова.
Адис мамлекеттик билим берүү стандарты менчигинин түрүнө карабастан, бардык билим берүү мекемелери аткарууга милдеттүү болуп саналарын кошумчалады.