БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жана Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосунун жетекчиси Елена Череменина КМШ иштери, чет өлкөдө жашаган мекендештер жана РФтин эл аралык гуманитардык кызматташуу боюнча Федералдык агенттигинин (Россотрудничество) "Тынчтыкты, достукту жана кызматташтыкты бекемдегени үчүн" медалы менен сыйланды.
Череменина менен катар эле анын башка кесиптештери да сыйлыкка татыган.
Алар "Sputnik Өзбекстан" долбоорунун шеф-редактору Дмитрий Ключевский жана Чет тилдердеги берүүлөрдүн бириккен дирекциясынын башка тилдегилер менен иштөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Менсеф Матни.
Медаль Россотрудничество менен тыгыз кызматташып, орус тилин, маданиятын жайылтып, мекендештерди колдоо боюнча маанилүү долбоорлорду алып баргандарга жана ушул өңүттө эмгектерди жасагандарга ыйгарылат.