Пресс-борбор

Электр кубаты менен үй жылытууга кайсы учурда тыюу салынат. Жооп

Абоненттердин айрым бөлүгүнөн атайын график түзүлөт. Анда жарандарга кайсы убакта электр энергиясы менен жылынууга уруксат берилери көрсөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Үч фазалуу электр энергиясын киргизип пайдаланган кыргызстандыктарга үйүн эртең менен жана кечинде электр кубаты менен жылытууга тыюу салынат. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлигинин Электроэнергетика башкармалыгынын башчысы Марат Жээнбеков билдирди. 
Энергетика министрлигинин Электроэнергетика башкармалыгынын башчысы Марат Жээнбеков
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "Энергетика министрлиги жаңы тарифтер, күзгү-кышкы мезгилге даярдык жана энергетикалык коопсуздук" деп аталган брифингге катышкан.
"Быйыл Токтогул суу сактагычында суу аз. Жылытуу үчүн электрди колдонууга азырынча тыюу жок. Бирок суунун аздыгынан жана электр энергиясынын жетишсиздигинен улам жылытуу жана суу менен жылытуу үчүн жаңы техникалык шарттарды берүүгө тыюу салынган. Ал эми буга чейин үч фазалуу электр кубатын киргизип алгандар эл жапырт колдоно турган маалда анысын өчүрөт. Бул катуу көзөмөлгө алынат. Электр менен үйүн жылыткан ар бир абонент менен график түзүлүп, анда токтун кубатын пайдалануунун убактысы көрсөтүлөт", — деген ал.
Пресс-борбор
Электр энергиянын тарифин 1-сентябрдан тарта кымбаттатуу пландалууда
Жээнбеков кошумчалагандай, электр менен жылытууга тыюу салуу электр кубаты жапырт колдонулган, башкача айтканда, 6:00дөн 9:00гө жана 17:00дөн 20:00-21:00гө чейинки маалда ишке кирет.
Буга чейин кыргызстандыктардын электр кубатын жылытуу системасына колдонууга толук тыюу салынары тууралуу эскертилген болчу. Анда тыюу салуу Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү азайып кеткендигине жана электр энергиясынын жетишсиздигине байланыштуу киргизилгени көрсөтүлгөн. "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы эскертүүлөр электр энергиясын жылытуу максатында пайдаланууга тыюу салуу көрсөтүлгөн жарандарга гана жиберилгенин белгиледи.