БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Жакынкы төрт ай ичинде COVID-19 дагы 22 жолу мутацияланышы мүмкүн. Бул тууралуу Vir Biotechnology компаниясы менен Темпл университетинин Геномика жана эволюциялык медицина институтунун (АКШ) изилдөөсүнө таянып medRxiv порталы жазды.
Буга чейин бул окумуштуулар дельта штаммынын пайда болорун алдын ала айтышкан. Алар вирустун кандай мутация болорун атайын математикалык модель аркылуу аныкташат. Ушул тапта илимпоздор пайда болчу штаммдарды беш ай мурда биле аларын айтууда.