Эң кооз көлдөрдүн бири! Ысык-Көлдүн космостон тартылган сүрөтү жарыяланды

Космонавт буга чейин дагы Эл аралык космостук станциядан тартылган Ысык-Көлдүн сүрөттөрү жана видеолорун жарыялап келген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Россиялык космонавт Олег Артемьев Ысык-Көлдүн космостон тартылган сүрөтүн өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.
"Сүрөттө белгилүү жана эң кооз көлдөрдүн бири Кыргызстандагы Ысык-Көл экенин таанып жатсаңар керек", — деп жазды ал.
Космонавт буга чейин дагы Эл аралык космостук станциядан тартылган Ысык-Көлдүн сүрөттөрү жана видеолорун жарыялап келген.