Шейшембиге карата аба ырайы

6-июлда Кыргызстанда ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Шейшембиде өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +35…+40, Талас өрөөнүндө +32…+37, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +26…+31 градус ысыйт.
Күндүн табы Бишкекте +37…+39, Ошто +38…+40, Чолпон-Ата шаарында +26…+28 градусту көрсөтөт.