Элчилик: россиялык ЖОЖ кыргызстандык абитуриенттерге бюджеттик 20 орун бөлдү

I курстун студенттерине ай сайын стипендия төлөнүп берилери айтылган. Документтер 20-июлдан тарта кабыл алынып, окуу сентябрь айында башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Россиядагы жогорку окуу жайлардын бири кыргызстандыктар үчүн бюджеттик негизде билим алууну сунуштайт. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилигинен кабарлашты.
"Усурийск шаарындагы "Приморье мамлекеттик айыл чарба академиясы" (ПМАЧА) жогорку билим берүү Федералдык мамлекеттик бюджеттик билим берүү мекемесине КР жарандарын, анын ичинде РФ аймагында жашаган (эгер миграциялык картасында "Окуу" деп көрсөтүлсө) жарандарды окутуунун күндүзгү формасына чакырат", — деп айтылат элчилик тараткан маалыматта.
2021-2022-окуу жылына карата кыргызстандык талапкерлер үчүн "Приморье мамлекеттик айыл чарба академиясына" топтоо түзүмүндө төмөнкү багыттар боюнча күндүзгү окууга 20 бюджеттик орун бөлүнгөн.
Алар төмөнкү адистиктер боюнча:
Россиялык ЖОЖдорго тапшыруу 5 эсе жеңилдеди. Абитуриенттер үчүн суперсервис
Кирүү тесттери ПМАЧАнын электрондук маалымат тутумун колдонуу менен аралыктан жүргүзүлөт. Документтер 2021-жылдын 20-июлуна чейин кабыл алынса, кирүү сынактары – 29-июлдан башталат. Окуу 2021-жылдын 1-сентябрында башталмакчы.
Маалыматта бардык чет өлкөлүк студенттер жатакана менен камсыз болушары (койка - орун баасы айына 800 рублдан) жана I курстун студенттерине ай сайын стипендия төлөнүп берилери айтылган.