Оң рулдуу унааларга тетиктерди сырттан киргизүүгө тыюу салуу сунушталды

Оң рулдуу унааларды өлкөгө киргизүүгө тыюу салынганда, номердик түйүндөрдү жана агрегаттарды ташып келүүгө чектөө киргизилбегени айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министрлиги оң рулдуу автоунааларды кураштырган, жаңылаган тетиктерди сырттан алып келүүгө тыюу салууну сунуштады.
Министрлик 2015-жылы рулу оң тарабында жайгашкан автокөлүктөрдү өлкөгө киргизүүгө тыюу салынганда, номердик түйүндөрдү жана агрегаттарды ташып келүүгө чектөө киргизилбегендигин белгилейт.
Мыйзамдагы бул жагдайдан улам оң рулдуу автоунааларды кураштырган тетиктер өлкөгө тоскоолдуксуз алып келинүүдө.
"Бул норманы оң рулдуу унааларды жаңыртуу үчүн пайдаланышууда. Анда кузовду алмаштырууга уруксат берилген. Ошону менен бирге иш жүзүндө каттоо учурунда эски транспорт каражатын каттоо документтерине жаңы машинанын маалыматтары киргизилип колдонулат. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен токтомго өзгөртүү зарылчылыгы келип чыкты", — деп жазылган документте.
Автоэксперт техникалык тейлөөдө акча үнөмдөөнүн жолдорун айтты
Мындан улам руль оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарына жаңы кузовдорду орнотууга, мурда жарактан чыккан транспорт каражаттарын каттоого тыюу салуу демилгеси көтөрүлгөн.
Мунун коммуналдык чарба, айыл чарба, жолдорду курууга (күтүү) пайдаланылган (автокрандар, автобургулоочулар, автобетон аралаштыргычтар, чачып, жууган машиналар) жана өкмөт тарабынан аныкталган транспортторго тиешеси жок экендиги айтылат.