Кыргызстанга ушул аптанын ичинде 1,2 миллион доза Sinopharm алып келинет

Буга чейин 1,1 миллион доза Sinopharm сатып алынганы жана аны атайын чартердик каттам менен жеткирилери айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Ушул аптанын аягына чейин Кыргызстанга Кытайдан 1,2 миллион доза Sinopharm вакцинасы алып келинет. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин кыргыз өкмөтү Кытайдан 1,1 миллион доза Sinopharm сатып алганы жана анын атайын чартердик каттам менен жеткирилери айтылган. Ушул эле борт менен Кытай тарабынан акысыз негизде берилген 150 миң доза вакцина да алып келинери күтүлүүдө.