Кыргызстанда жалпы 121 601 киши коронавируска каршы эмделди

Коронавируска каршы вакцина алгандардын көбү Бишкек шаарында. Андан кийинки орунда Чүй облусу менен Ош облусу турат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы Кыргызстанда жалпысынан канча киши коронавируска каршы эмделгенин айтты.
5-июль саат 8:00гө карата өлкөдө 121 601 киши коронавируска каршы вакцина алды. Анын ичинен 81 174 адам вакцинанын экинчи дозасын сайдырган.
Облустар боюнча:
Белгилей кетсек, өткөн суткада Кыргызстанда 1 437 бейтаптан коронавирус табылып, 9 бейтап каза тапты.