176 бейтаптын абалы өтө оор. COVID-19 боюнча статистика

Вирус жугузгандардын басымдуу бөлүгү мурдагыдай эле Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталууда. Андан кийинки орундарда өлкөнүн түштүгүндөгү облустар турат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Өткөн суткада 1 437 кишиден коронавирус табылып, 568 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен илдет илештиргендердин жалпы саны 132 070ке жетип, анын ичинен 113 212 бейтап айыкты:
Акыркы 24 саат ичинде, тилекке каршы, вирус тогуз кишинин өмүрүн алды. Ушуну менен көз жумгандардын саны жалпысынан 2 046га жетти.
Каза болгондор:
Азыркы тапта 4 126 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Анын ичинен 1 193 кишинин абалы оор болсо, 176 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.