Кремль афган-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча үн катты

Маалымат катчы Кремль кырдаалга өзгөчө маани берүү менен байкоо салып жатканын жана, тилекке каршы, туруксуздаштыруу күч алганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Афганистандагы жана афган-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча комментарий берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Песковдун айтымында, АКШнын жана алардын союздаштарынын аскерлери чыгып кетип жаткан Афганистандагы кырдаал терс нук алып, абалды туруксуздаштыруу байкалууда.
"Кошумча контингент тууралуу айта албайм. Албетте, кырдаалдын өнүгүшүнө жараша (биз, тилекке каршы, абал жакшы эмес маанайда өрчүп жатканын көрүп турабыз) биздин аскерлер тиешелүү чечимдерди кабыл алат. Негизинен биз америкалык жана алардын союздаштарынын күчтөрү Афганистандан чыгарылгандан кийинки кырдаал катуу тынчсызданууга алып келерин бир нече жолу кайталап айтып келгенбиз", — деди Песков журналисттердин Россия Тажикстанга кошумча контингент жөнөтүүнү пландап жатабы деген суроосуна жооп берип жатып.
Ошондой эле ал Кремль кырдаалга өзгөчө маани берүү менен байкоо салып жатканын, тилекке каршы, туруксуздаштыруу күч алганын белгилеген.
Афганистан: АКШ аскерлери чыгары менен Баграм авиабазасы талоондо калды
Эске салсак, "Талибандын" согушкерлери АКШ өлкөдөн аскерлерин чыгарып кете баштаганда, тагыраагы, июнь айынын ортосунан тарта күч алган. Өкмөттүн күчтөрү менен талибдердин ортосундагы аёосуз кагылышуу чек арада жайгашкан төрт облуста болуп жатат. Согушкерлердин карамагына Бадахшан провинциясынын 28 районунун 18и өткөн. Май айынан бери талибдер Афганистандын 150дөн ашык районун басып алышкан.
Ал эми бүгүн талибдер менен болгон кагылышуудан кийин Тажикстан Афганистандын дагы 1000ден ашык аскерин чек арадан өткөргөнү белгилүү болду