БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кандай учурда COVID-19ду аныктоочу ПЦР-тесттин жыйынтыгы ката чыгып калышы мүмкүн экенин Sputnik радиосунун эфиринде терапевт, токсиколог, жогорку категориядагы дарыгер Алексей Водовозов айтып берди.
Роспотребнадзор мекемеси анализ туура чыгышы үчүн тест тапшырганга чейинки үч саат ичинде тамактанбай, тишти жана мурун көңдөйүн жуубай турууну сунуштайт.
"Эгер анализ тапшырар алдында киши суу ичип же чылым чегип койсо, вирустун кайсы бир бөлүктөрү "жуулуп" кетет дагы кийин анализ башкача чыгып калат", — деди Водовозов.
Ошондой эле адис анализ үчүн материалды алып жаткан учур дагы өтө маанилүү экенин кошумчалады.
"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска анализ алып жатканда зондду адамдын мурдуна көзүнөн жаш чыгып кеткиче, тагыраагы, тереңирээк киргизүүнү сунуштайт. Бери жагынан алынган анализ дагы туура эмес чыгып калышы ыктымал", — деди адис.
Ал кошумчалагандай, анализдин ката чыгып калган жыйынтыгынан улам дарылоо кечиктирилип, оору күчөп кетиши толук мүмкүн.