Кыймыл керек. COVID менен ооруп айыккандарга бишкектик дарыгерлер кеңеш берди

Коронавирустан жаңы айыккан организмге ичкилик менен тамеки "бычак" экени айтылган. Андан сырткары дарыны ашыкча көп колдонбоо да эскертилген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкектин дарыгерлери COVID-19 менен ооруп айыккандарга ден соолугун андан ары кантип караш керектиги боюнча бир катар кеңештерди берип, үйдө, иште болбосун кыймылдап туруу зарылдыгын айтышты.
Муниципалитеттин тараткан маалыматында маанилүү делген бир нече эрежени сактоо зарылдыгы эскертилген.
"Тамак-аштын курамында белок, углевод, витамин жана май болушу шарт. Андан сырткары үйдө, иште болбосун кечке отуруп албай кыймылдап туруу керек. Дагы бир эстен чыгарбай турган нерсе — санитардык жеке гигиенанын сакталышы. Медициналык беткап кийип, аны мезгил-мезгили менен алмаштырып туруу зарыл. Колду улам жууп турган жакшы, эгерде ага шарт болбой баратса, антисептик менен тазалоо кооптуулуктун алдын алат", — деп кеңеш берген медиктер.
Кыргызстанда жалпы 121 601 киши коронавируска каршы эмделди
Ал эми коронавирустан жаңы айыккан организмге ичкилик менен тамекинин "бычак" экени айтылган. Адистер дарыны да эсепсиз колдоно бериштин кажети жоктугун эскертишкен. Андан көрө булчуңдарга көнүгүүлөрдү жасап, ал дем алууга да өзүнүн таасирин тийгизгидей болушу керектигин билдиришкен.
Кыргызстанда бир катар башка мамлекеттердей эле коронавирус күчөп жатат. Соңку сутканын статистикасына таянсак, 1 437 кишиден коронавирус табылып, 9 киши кайтыш болду