COVID жуктургандарды жаткыруу үчүн кайсы ооруканада бош орун бар? Тизме

Коронавирусту дарылоо үчүн ордо калаада жана Чүй облусунун шаарга жакын аймактарында 17 оорукана даярдалган. 5-июль саат 8:00гө карата алынган маалымат боюнча анын тогузунда гана орун бар.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкектеги жана шаар четиндеги 9 стационарда коронавирус менен ооругандар үчүн 218 орун бош. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, коронавирусту дарылоо үчүн ордо калаада жана Чүй облусунун шаарга жакын аймактарында 17 оорукана даярдалган. 5-июль саат 8:00гө карата алынган маалымат боюнча анын тогузунда гана орун бар. Ал эми сегизинде бош орун калбай калган.
Белгилей кетсек, өткөн суткада Кыргызстанда 1 437 бейтаптан коронавирус табылып, 9 бейтап каза тапты.