Бишкекте 6 миңдей абоненттин жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн. Карыз 5,2 млн. сом

"Түндүк электр" абоненттерин карызды тезинен төлөөгө чакырат. Бересеси барлардын жарыгы "акылдуу эсептегичтердин" жардамы менен аралыктан өчүрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасы карызын төлөбөй жүргөн 6,1 миң абоненттин жарыгын эртең, 6-июлдан тарта, өчүрөт. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы кабарлады.
Аталган абоненттердин карызы беш миллион эки жүз миң сомду түзөт. Жарык "акылдуу эсептегичтердин" жардамы менен аралыктан өчүрүлөт. "Түндүк электр" абоненттерин карызды төлөөгө чакырат.
Ошто салыкты жашырган 6 май куюучу жайга айып салынды. Тизме
Тейлөөнү ыңгайлаштыруу үчүн ишкананын расмий сайтында "Абоненттин балансы" http://kyr.se.kg/balance деген бөлүм ачылган. Ал жерде ар бир кардар өзүнүн эсеп-кысабын текшере алат.
Ошондой эле балансты "Түндүк электрдин" түнү-күнү иштеген 1209 номери аркылуу колл-борборуна чалып тактаса болот. Мындан сырткары, кардар (0551) 00-12-09 WhatsApp-номерине билдирүү жазып, жооп ала алат.
Карызды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, "БТА банк" төлөм терминалдары аркылуу, ошондой эле UMAI, "Элсом" электрондук капчыктары жана "Айыл банк", "ДосКредоБанк", "БТА банк", "Кыргызстан" коммерциялык банкы жана "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын кассаларынан төлөөгө болот.