Чек ара жаңжалынан жабыркап учурда чатырда жашап жаткан үй-бүлөлөрдүн турак жайы августтун аягына чейин бүткөрүлөт. 31-август эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата ачкычтарын колдоруна тапшырууну пландап жатабыз. Бул тууралуу Абдикарим Алимбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, жалпысынан 140 турак жай курулууда.
"Чек ара коогалаңынан кыргыз тарап жалпы 1,5 миллиард сомго чукул чыгымга учураганын атайын комиссия иликтеп чыкты. Мунун ичинде жарандардын турак жайы, мал-мүлкү, автоунааларынан тарта социалдык объектилерге чейин камтылган. Окуядан жабыркаган жалпы 140 үй катталган. Алардын бардыгынын куруу иштери кызуу жүрүүдө. Мындан сырткары, каза тапкан 36 адамдын жакындарына Баткен шаарына өзүнчө үйлөр салынып жатат. Аны жергиликтүү курулуш компаниялары, ишкерлер колго алган. Аталган объектилердин баарын августтун аягына чейин бүтүрүүнү пландап жатабыз", — деди Алимбаев.
Облус жетекчиси, мындан сырткары, социалдык имараттардын курулуш иштери да пландык негизде жүрүп жатканын кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз: