Айтыш кыргыз-казакта эле бар деген туура эмес. Анткени көп улуттарда буга окшош өнөрлөр бар. Бул тууралуу Сулайман Кайыпов Sputnik Кыргызстан радиосунда билдирди.
Анын айтымында, жазуу келгенде көп улуттарда бул өнөр жоголуп кеткен.
"Тарыхта алгач адамдарда топ-топ болуп ырдоо маданияты калыптанган. Анын ичинен таланты барлар жеке ырдоого бөлүнүшкөн. Бара-бара уйкаштык, обону менен ырдоону өздөштүрүп, кийин талантын, дараметин сыноо үчүн бири-бири менен айтыша баштаган. Учурда элдик жана акындар айтышы деп бөлүнөт. Элдик дегени топко бөлүнүп алып айтышуу болсо, акындар айтышы азыр биз күбө болуп жаткан айтыштар. Бул бардык элдерде болгон, айрымдарында азыр деле кездешет. Кийин жазманын пайда болушу менен көптөгөн улуттар бул өнөрдү жоготуп алышкан. Ал эми кыргыздарда жазмалыкты жоготуп алганда, фольклор өнүгүп, 19-кылымда төкмөлүк өнүгүп, жогорку чегине жеткен. 20-кылымдын башында кайрадан жазууга ээ болуп, ошол оозеки сакталып калгандарды жазып, изилдөөгө мүмкүндүк түзүлдү. Андыктан учурда коомчулуктагы айтыш өнөрү кыргыз менен казакка эле таандык деген пикир туура эмес. Ошол эле Сергей Есенин, Владимир Маяковскийлер төгүп жиберген учурлары бар. Азыр деле Түркияда акындарды "ашык" деп коёт. Алар атайын акындар рестораны деген бар, ошолордо айтышып, алым сабак ырдайт. Эрзурум, карс акындарында айтыш ушунчалык өнүккөн. Буга бир мисал келтире кетейин. Аларда "леп деймез" делет, которгондо эрин тийбес дегенди түшүндүрөт. Барпынын "эки илебиң кызыл гүл" дегени ошол эриниң кызыл деген мааниде. Ошол "леп деймез" ыкмасына ылайык, эки эринди тийгизбей ырдап, б, м, п деген сыяктуу тыбыштарды колдонбой ырдашат. Эки эрин тийип кетпеш үчүн эки эриндин ортосуна ийне коюп алышат. Демек, азербайжан, өзбек, түрк жана башка улуттарда деле төкмөлүк бар", — деди Кайыпов.
Окумуштуу төкмөлүк өнөр түбөлүк сакталбай турганын кошумчалады.
Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр: