Афганистандын өкмөттүк күчтөрү талибдерге каршы чабуул коюуну пландап жатат

Президенттин кеңешчиси талибдер чет өлкөлүк күчтөрдүн чыгып кетишин пайдаланып эскертүүсүз чабуул койгонун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Афганистандын өкмөттүк күчтөрү талибдер басып кирип жаткан түндүк региондоруна контрчабуул пландап жатат. Бул тууралуу РИА Новости Афганистандын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хамдулла Мохибге таянуу менен билдирди.
Ал талибдер америкалык жана чет өлкөлүк күчтөр чыгып кетип жаткандагы вакуумду пайдаланып, эскертүүсүз чабуул койгонун белгилеген.
“Албетте, сөзсүз түрдө контрчабуул жасалат. Бул афган коопсуздук күчтөрүнө капыстан басып кирүү болду, себеби биз согушту эмес, тынчтыкты күтүп турганбыз”, — деген пикирин билдирген Мохиб.
АКШ Борбор Азиянын үч өлкөсүнөн 9000 афганга баш калкалоо берүүнү суранууда
Ошондой эле ал Афганистан эли эркин болгусу келгенин жана алар талибдерди афган өкмөтүнүн курамынан көргүсү келерин айткан. Аны менен катар “Талибдер кыймылы Афганистанды башкарып, афган эли кандай жашашы керектигин таңуулоосун каалабайт” деген билдирүү жасаган.
Мурдараак БУУнун башкы катчысынын атайын өкүлү, Афганистанга көмөктөшүү боюнча миссиянын башчысы Дебора Лайонс майдан бери талибдер Афганистандын 370 районунун 50сүн басып алганын билдирген. Бул учурда АКШнын жана НАТОнун аскерлери өлкөдөн чыгып бараткан.