Жылаңайлак басуунун пайдалуу жана кооптуу жактарын адис айтып берди

Буттун таманында биологиялык активдүү чекиттер арбын жайгашкан. Адам жылаңайлак басканда биологиялык активдүү чекиттерге массаж болуп, ал организмге таасир этет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Дарыгер Владимир Хорошев жылаңайлак жүрүүнүн пайдасы жана ага кандай жер ыңгайлуу экенин Sputnik радиосунун обосунда айтып берди.
Кыргыздар бели ооруса эле карыдым дейт. Спорт дарыгеринин кызыктуу маеги
Хорошевдин айтымында, алгач жылаңайлак жүрүүгө ыңгайлуу жер таап алуу керек. Буга эң жакшы вариант - шагыл. Башкача айтканда, таштак жер. Чөп менен кумда да бут кийимди чечип басса болору айтылды.
"Кумда деле, чөптө деле жылаңайлак жүргөн пайдалуу. Бирок таштак жердики абдан жакшы. Мындай жерде таманга эле массаж болбостон, муун дагы машыгат",— деген дарыгер.
Медик эң жакшы шарт түзүлгөн учурда дагы жылаңайлак эки-үч сааттан ашык баспаш керектигин эскерткен. Себеби көп адамдар май тамандуулук менен жабыркайт.
Дарыгер бут кийими жок асфальтта, бетондо жылаңайлак жүрбөш керектигин кошумчалады.