Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегациялары чек араны талкуулашты

Жолугушууда үч өлкө чектешкен аймактар боюнча айтылып келген сунуштар талкууланганы маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Фергана шаарында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегациялары жолугуп, чек ара маселесин талкуулаганын министрлер кабинети билдирди.
Маалыматта үч өлкө чектешкен аймактар боюнча айтылып келген сунуштар талкууланганы белгилүү болду.
Жолугушуу жагымдуу маанайда өтүп, жыйынтыгы менен протоколго кол коюлганы айтылды.
Кийинки сүйлөшүүлөр Кыргызстандын аймагында өтөт.