"Кыргыздар" жана "Манас" азербайжан окурмандарына тартууланды. Сүрөт

Адил Жамил "Манас" эпосунун жалпы сюжетин өзүнүн поэтикасы, өзүнүн ою, таланты менен жазып, азербайжан окурмандарына сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясында (ТҮРКПА) азербайжан тилине которулган "Кыргыздар" жана "Манас" эпосунун негизинде жазылган китептердин бет ачары болду. Бул тууралуу аталган уюмдун маалымат борбору билдирди.
Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясында (ТҮРКПА) азербайжан тилине которулган "Кыргыздар" жана "Манас" эпосунун негизинде жазылган китептердин бет ачары болду
"Манас" боюнча китепти азербайжанча аталган элдин адабиятчысы жана акыны Адил Жамил жазган.
Китептерди коомчулукка тааныштыруу 3-июлда "Азербайжан жана Кыргызстан: кызматташтыктын жетишкендиктери жана келечеги" аттуу иш-чаранын учурунда болгон.
Китептерди коомчулукка тааныштыруу 3-июлда "Азербайжан жана Кыргызстан: кызматташтыктын жетишкендиктери жана келечеги" аттуу иш-чаранын учурунда болгон
Кыргызстан менен Азербайжандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган жыйында өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык өз ара кызматташуунун маанилүү аспектилери аныкталды. Депутаттар жемиштүү кызматташуунун негизи болгон орток тарыхый жана маданий мурастардын маанилүү экендигин белгилешти.
Кыргыз-азербайжан алакасы жаңы деңгээлге чыгат. Казакбаев Бакудан кайтты
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, ошондой эле Азербайжандын Милли Межлисинин депутаттары, "Азербайжан - Кыргызстан" парламенттер аралык жумушчу тобунун мүчөлөрү катышты.
Жогорку Кеңештин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин башчысынын орун басары Каныбек Иманалиев жазган "Кыргыздар" кыргыз элинин тарыхына, маданиятына жана мурасына арналган. Чыгарма буга чейин алты тилде басылып чыккан.
Адил Жамил "Манас" эпосунун жалпы сюжетин өзүнүн поэтикасы, өзүнүн ою, таланты менен жазып, азербайжан окурмандарына тартуулаган.