БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Автоэксперт Вячеслав Субботин автоунааны техникалык жактан текшертип, каратарда чыгым болбош үчүн эмне кылуу керектигин Sputnik радиосуна айтып берген.
Адис автоунаанын кепилдик мөөнөтү аяктаганга чейин ээси расмий сервиске кайрылып, көрсөтүлгөн регламенттик иштерди жасатып турушу керектигин белгилеген.
"Кепилдик мөөнөтү бүтөрүнө аз калгандагы акыркы эки тейлөөнү расмий борбордон эмес, адистештирилген станциялардан жасаткан жакшы. Себеби фирма борборунун акысы кымбат. Өзүң деле тейлеп, карасаң болот. Бирок бул ишти кепилдик мөөнөтү бүткөндөн кийин жасоо керек", — деген Субботин.
Адис автоунааны каратуу, текшертүүдөн деле акча үнөмдөсө болорун белгилеген. Себеби кээде анча маанилүү эмес пункттар кошулуп кетет. Маселен, тизмеден тормоз системасын чаңдан тазалоо сыяктуу пайдасыз кээ бир нерселерди чийип салса болот. Адистердин айтымында, чаң тормоз басуудан пайда болот.